"Кримтөбөл"
Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча кылмыш ишинде күбө катары суракка алынган
Гүлжигит Абилазизов ИИМдин күбөлөрдү коргоо программасына киргизилди. Бул тууралуу анын жактоочусу
Кайрат Загибаев 26-февралда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 25-февралда Абилазизов ИИМге Анапияевдин өлүмү боюнча көрсөтмө бергенден кийин ИИМдин Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан күбөлөрдү коргоо программасына киргизилди. Жактоочу анын укугун коргоо мамлекеттин милдети экенин айтат. "Абилазизовду буга чейин көргөн эмесмин, ал Москвадан келери менен мага кайрылып, укугун коргоп берүүнү суранды. Анын укугун коргогондугум үчүн мага каражатты мамлекет төлөп берет",- деди Загибаев.