Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата “Алыкулга гүлдесте” аттуу спектакль коюлат

2-мартта Бишкекте Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында “Учур” жаштар театры кыргыз поэзиясынын классиги, улуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык  мааракесине карата “Алыкулга гүлдесте” спектаклин көрсөтөт. Спектаклдин сценарийин Медетбек Сейталиев жазган. 

Аталган театрдын директору Шаршен Шейшенов: "А.Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын анын төрт сап эле ыры аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Бул саптарды окуганыңда Алыкул Осмонов сенин жаныңда баягыдай эле тирүү бойдон тургансыйт, чыныгы поэзияга тизе бүгүп, таазим кылууга аргасыз кылат. 

"Театр - жашоонун күзгүсү" дегендей, бул спектаклде А.Осмоновдун кыска жашоосундагы өйдө-ылдый көрүнүштөрүнө жана сүйүүсүнө, ошондой эле улуу акындын түбөлүктүү, өчпөс ыр саптарына күбө болуу биз үчүн сыймык. Маданияты жок эл болбойт. Тилибизди-дилибизди, каада-салтыбызды сактоодо, руханий ички дүйнөбүздү байытууда театр өнөрү ар дайым эл ичинде",- деп белгилейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан