Бүгүн, 26-февралда шаардагы Курманжан датка атындагы мектепте “Натыйжалуу сабак өтүүдө интерактивдүү тактанын ролу” деген теманын алкагында башталгыч класстардын мугалимдери үчүн семинар болуп өттү.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда интерактивдүү такта менен иштөөнүн жолдорун үйрөтүү максатында тажрыйбалуу мугалимдер окуучуларга аталган тактаны колдонуп ачык сабактарды өтүштү. Башкармалыктын усулчусу М.Мырзакаримова: “Интерактивдүү тактаны колдонуп өткөн сабактарыбыздын жыйынтыгы абдан жакшы бааланууда. Заман агымына жараша, балдардын кабыл алуусуна, түшүнүгүнө жараша сабакка кызыктыруу аракеттерин тынымсыз жүргүзүп келүүдөбүз. Мунун бири катары жогорудагы айтып өткөн усулду айта алабыз. Алдыда шаардагы бардык мектептин башталгыч класстарынын мугалимдерине жаңы технологияларды колдонуп сабак өтүүнү жайылтабыз жана талап кылабыз”,- деди.
Аталган семинарга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана шаардагы мектептердин башталгыч класстар боюнча директорунун орун басарлары катышты.