“Эшектин эттери тууралуу окуя коомчулукка тарагандан бери кардарлар кескин азайды” дешет кафе ээлери

Эшек эти тууралуу окуя коомчулукка чагылгандай тараган соң, борбордогу тамактануучу жайлар чыгашага учурай баштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда борбордогу уйгур, кытай жана улуттук тамак-аш даярдоочу кафелерди текшерүү учурунда белгилүү болду. 

Текшерүүгө алынган борбордогу эң белгилүү самсакананын ээси Канат Камчыбеков: “Эшектердин эттери тууралуу окуя элге тарагандан бери кафеге келген кардарлардын саны 15 пайызга азайды. Тааныштарыбыз телефон чалып “Силер эшектин этинен жасаган жоксуңарбы?” деп тамаша-чынга салып жатышат. Мындай жагдай менин эле тамактануучу жайымда болуп жаткан жок. Учурда борбордогу бардык тамактануучу жайлар зыянга учуроодо. Биздин жүздөгөн такай келүүчү кардарларыбыз бар, өзүбүз жасаган тамак-ашты өзүбүз да, балдарыбыз да жейт. Анан кантип алдайбыз?”- деди.

Бүгүн Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария кызматы тарабынан борбордогу кафе жана тамактануучу жайлар текшерүүгө алынды. Анда тамактануучу жайлардагы колдонулган эттердин тиешелүү документтери текшерилди. Айрым маалымат каражаттары “текшерүү алдында инспекция тарабынан кафе ээлерине эскертилген жана алдын ала сүйлөшүлгөн” деп жазып чыгышты. Бирок журналисттердин сунушу менен барган кафелерде бардык тиешелүү документтер бар экени аныкталды.

Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча аймактык инспектор Мирлан Мураталиевдин айтымына караганда, самса жасоочу жай, алар пайдаланган эт-майлар 3 күндө бирден текшерилип турат. 

"Азыркы учурда дүң болуп жаткан эшек эттери мен жетектеген аймакта жок, катталган дагы эмес. Мен бул жерде 4 жылдан бери иштейм. 3 күндө бирден келип бардык документтерин текшерип кетип турабыз. Эшектин эти бул аймакка алынып келген эмес",- дейт М.Мураталиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
paula.90
2015-02-26 18:26:33
Ишениш жок болуп калды, Лучше уйдо эле тынчыраак... Кухнясын коруп аппетит буулду(((
+6
asanova92
2015-02-26 18:31:03
Кудайга шугур мен эт жебейм) туугандар андан коро уйдон эле тамактаналы, азыр эч нерсеге ишениш жок! Кудайым озу куноокоролордун жазасын берет деп ишенем
+3
toichubek1984
2015-02-26 19:02:25
эки уч кафени текшерип бутун кыргызстанды текшергендей суйлойсунор пилмен фарш дегендердида текшериш керек
+5
edil.kg
2015-02-26 19:23:35
Ветеринарлага конул бурлбай жатат.мал аман эл аман дегендей
+1
Aidar.001
2015-02-26 19:27:27
текшерип баштай элек бул кафелерге эшек эти келген эмес дейт го
+2
bakyt_2015
2015-02-26 19:59:09
Кафелердин санитардык абалдары итканадай эле,ушул жагын тез-тез текшерип тиешелуу чараларды коруп турса жакшы болмок. Текшеримиш болуп барышат долясын алып козду жумуп кете беришет. Ма десен келемиш сой кармалба деп коюп.
+5
saulet2009
2015-02-26 20:07:36
Булар алдын ала даярданып алышкан суротторуно караганда
+2
edelveis0088
2015-02-26 20:40:43
кудай сактасын менда чайхана кафеден тамактанчу элем барбай калдым...
+1
kapitan050868
2015-02-26 21:10:34
баардык кафе,чайканада эшектин эти бар уйдо тамак жегиле
+1
akus
2015-02-27 04:03:20
kapitan050868,Уйго деле базардан сатып алып барасынго этти .Мумукун базарда деле уже сатылып жаткандыр эшектин эттери бир кудай билет
+1
gutler
2015-02-27 01:59:40
Оу туугандар, кочодон тамак жебей эле койгула. Анткени ишенич жок. Моу суроттоку эт, ич майларды карасан уйдун эти экендигине кепилдик жок. Чыдап туруп эле уйдон тамактаныш керек.
+1
aidabatyr
2015-02-27 08:36:39
кандай гана жаман адамдар!оздоруно 1эле штук мантысынан ооз тийгизип койгула эшектин эти деп!кандай болор экен
0
Chynyshka
2015-02-27 11:56:43
кочодон тамактануу кооптуу болуп калды. уйдо деле этсиз тамак даярдап жей баштады эл. этти коргондо эшекти элестетип жейда алышпайт эт эшектики болбосо да. эми эт саткандар менен кафелердин иши оордошотко. бирок коптогон кафелер сатирардык тазалыкка жооп бербейт.
+1
Bektur2
2015-02-27 13:53:33
Кардарлар азайса текшеручу органдарга пара бербей бара бер дегендей кылдат текшертип таза деген лицензия алып бакыйтып залга чаптап койсон эл ишенет текшерген органдардын кортундусун интернетке чыгар
0
rozka
2015-02-27 14:23:42
Эт саткан жерде уйдун этин кантип билебиз эмнеси болсо дагы кыйын болуп калды
0
Aysuluuwa
2015-02-27 23:37:38
Ырас болот!!!! Таза кармап алгылачы биринчи ашкананы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан