
* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы кыргыз кинорежиссёру, сценаристи, продюсери
Эрнест Абдыжапаров Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Фрунзедеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун аяктап, мектепте мугалим болуп эмгектенген. 1988-жылы Эрнест Абдыжапаров "Көрөгөч" киножурналынын директорунун кызматын аркалаган. 1992-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясынын редактору, кийинки жылы жаштардын "Умай" чыгармачылык фондун жетектеп баштаган. Ал эми 1999-жылы өзүнүн студиясын ачкан. 1999-жылдан 2001-жылга чейин Кыргызстан кинематографисттер союзунун секретары, 2001-жылдан 2002-жылга чейин "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору болуп эмгектенген. Эрнест Абдыжапаровдун тасмалары: "Беш терек", "Саратан", "Боз салкын", "Город мечты", "Уурунун махабаты", "Гаишники, фильм 11: Иссык-Кульский бешбармак", "Күкүк Шахра", "До+Фа", "Такси жана телефон" ж.б.

* Мындан 72 жыл мурун, 1943-жылы катардагы жоокер
Александр Матросов Псков облусуна караштуу Чернушки кыштагы үчүн салгылашта немистердин амбразурасына төшүн тосуп, советтик аскерлердин чабуулуна жол ачкан. А.Матросовго чейин мындай ыкманы 55 советтик жоокер колдонгон. Бирок советтик расмий тарыхнаамага ылайык, биринчи эрдик даңкы А.Матросовго ыроолонгон. А.Матросов амбразурага төшүн башка күнү тосконуна карабастан, ал советтик расмий тарыхнаамада 23-февралдагы майрам датасына которулуп келген.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Дубай шаарында дүйнөдөгү эң бийик "JW Marriott Marquis" деп аталган мейманканалар комплексинин ачылыш аземи болуп өткөн. Ал бийиктиги 355 метрди түзүп, 82 кабаттуу эки имараттан турган. Мейманканада 1600 бөлмө, 14 ресторан жайгашып, ресторандарда бир эле учурда 3 миңдей адам тамактанганга мүмкүн болгон. Ал жерде иштеген кызматкерлер дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн тандалып алынган.