Борбордогу колбаса чыгаруучу жана эт азыктары менен тамак-аш даярдоочу жайлар бир жума бою текшерүүгө алынат. Бул тууралуу 2
6-февралда SUPER.KG порталына Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария кызматынын жетекчиси Ашырбай Жусупов билдирди."Бүгүн борбордогу бир катар кафе, тамактануучу жайлар жана базарда сатыкка коюлган эттердин тиешелүү документтери текшерилүүдө. Текшерүү иштери 1 аптага созулмакчы. Анын алкагында борбордогу колбаса чыгаруучу ишканалар, эт азыктарын колдонуп тамак-аш жасап сатуучу жайлардын баары толугу менен текшерилет",- дейт А.Жусупов.
Маалыматка ылайык, мыйзамда жазылгандай, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10 күн мурун кат жөнөтүлөт. Бул жагдай аталган кызматка толук кандуу текшерүүгө жолтоо болууда.
"Бул жобо боюнча өз сунуштарыбызды Жогорку Кеңешке жөнөткөнбүз. Азырынча тиешелүү жооп ала элекпиз. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, өлкө боюнча болгону 356 инспектор иштейт. Акыркы 2 жыл аралыгында 1121 инспекторго азайтылды. Эки айыл өкмөткө 1 инспектор туура келет, ал эми ар бир айыл өкмөттө 1-2 миң объект бар, анан баарын кантип көзөмөлдөй алмак эле?"- деп кошумчалайт А.Жусупов.