Электр чубалгылары үзүлүп, Чоң-Алай району жарыксыз калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-февраль күнү саат 16:57 чамасында Гүлчө - Сопу-Коргон жогорку чыңалуудагы электр зымына муз тоңуп, анын кесепетинен зым үзүлгөн. Мындан улам Алай районунун Сопу-Коргон, Сары-Таш айыл аймактары жана Чоң-Алай району электр жарыгысыз калган.