"Кара-Кечеде" каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектелген эки милиция кызматкери 15 жылга эркинен ажыратылды

"Кара-Кечеде" каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектелген эки милиция кызматкери 15 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү чечимди Кемин райондук соту чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Жогорку Соттон билдиришти.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында милиция кызматкерлери Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиевди катуу сабап салышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калган. Бул окуя “Кара-Кече” көмүр кенине кире бериш жерде болгон. Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кочкор РИИБинин кызматкерлери Ж.С., Р.Т. жана Нарын ОИИБинин кызматкери Ч.Б. кылмышка шектелип кармалышкан. Ал эми 2014-жылдын 20-февралында Жумгал районунда алардын соту болуп жаткан учурда баш аламандык чыгып, маркум А.Мамбеталиевдин жакындары күнөөлүүлөрдү жазалоого өтүшкөн. Анын кесепетинен эки милиция кызматкери сабалып, бири сууга ыргытылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ooki8888
2015-02-27 22:49:04
Эми анчалык калыс экенсинер, милиция кызматкерлерин сабагандарды дагы жазалагыла! А Мамбеталиев деген месный бандит болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан