"Күчтүү Кыргызстан"
саясий партиясынын өкүлү Расул Умбеталиев бүгүн, 27-февралдагы маалымат жыйынында "мурдагы башкы прокурордун
жолдошу Бакыт Абдыкапаровго байланыштуу кылмыш иши - Аида Саляновага карата саясий каралоо" деп билдирди.
Анын айтымында, партия азырынча оппозицияда эмес. "Аида Салянова өзүнө карата саясий каралоолор токтобосо, президенттин айланасындагы коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарам деп жатат. Андан кийин "Күчтүү Кыргызстан" партиясы оппозицияга өтөт",- деди Р.Умбеталиев.