Бүгүн, 27-февралда Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кыргыз элинин улуу ойчул-акыны, залкар комузчусу Арстанбек Буйлаш уулуна коюла турган эстеликтин эскиздик варианты менен таанышты.
Аталган министрликтен билдиришкендей, айкел акындын 190 жылдыгын белгилөөнүн алкагында коюлмакчы. Эстеликти жаратып жаткан Кыргыз Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун айтымында, айкелдин бийиктиги постаменти менен 5 метрди түзөт, ал эми Арстанбек Буйлаш уулунун өзүнүн айкели 2,60 см болот.