"Тергөөчүлөр 2010-жылдагы 7-апрель окуясындагы митингге чыккандарды атып өлтүрүү кылмышын бизге мажбурлап моюнга алдырууга аракет кылышкан". Бул сөздү бүгүн, 12-февралда Апрель окуясы боюнча өтүп жаткан кезектеги сот ишинде айыпталып жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” атайын даярдыктагы аскерлеринин 3-бөлүгүнүн мурдагы кызматкери Урмат Камчыбеков билдирди. "Ал күнү менин колумда тапанча жана Калашников автоматы бар болчу. Болжол менен 13:30да Ак үй тараптан ок атышуу башталды. Ошол маалда Жаныш Бакиев мага байланышка чыгып, менден "снайпер барбы?" деп сурады. Мен "жок" деп жооп бердим. Бир маалдан кийин "абага ок атуу тууралуу буйрук чыкты" деп айтты. Мен ал учурда бир жолу абага ок чыгаргам”,- деди Камчыбеков.