Караколдо Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эскерүү кечесинде спектакль коюлду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата согушка катышкандарды эскерүү кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган кечеге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев, райондук администрация жана шаар башчылары, Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана башкалар катышты. Иш-чаранын максаты - Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата аталардын эрдиктерин жана тылдагы апалардын эмгектерин эскерүү.

Кечеде облустун гендердик өнүгүү багытында жүргүзгөн ар тараптуу иш-аракеттерине жигердүү салым кошкондугу, коомдук турмуштагы активдүүлүгүн көргөзгөн жаштарга үлгү болуп, калк арасында кадыр-барктуу жарандар Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Алкыш баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Салтанатта Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган чакан спектакль жана концерт орун алды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан