
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы телеалпаруучу
Лунара Мамытова Бишкек шаарында төрөлүп, Ош шаарында өскөн. Атасы Улукбек Мамытов 30 жылдан ашуун телерадиодо диктор, сценарист, редактор, көптөгөн долбоорлордун автору, ал эми апасы мугалим болуп эмгектенген. Лунара Мамытова мектепти эң жакшы баалар менен бүттүрүп, ОшМУнун тарых факультетин жана Оштогу юридикалык институтту артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Улуттук биринчи каналда жаңылыктарды 2006-жылдан тарта алып бара баштаган.

* Мындан 161 жыл мурун, 1854-жылы АКШнын Висконсин штатындагы Райпон шаарында Америка Кошмо Штаттарынын Республикалык партиясы уюшулган. Калк арасында анын "Grand Old Party" (GOP) "Улуу эски партия" деп аталган экинчи аталышы бар. Партиянын расмий символу - күч-кубатты аныктаган пил, бейрасмий түсү - кызыл. Республикалык партия башында түндүктүк өнөр жайчылардын кызыкчылыгын көздөгөн жана кулчулукту жактаган түштүктүк демократиялык партияга каршы түзүлгөн.

* Мындан 89 жыл мурун, 1926-жылы Иосиф Сталиндин кызы
Светлана Аллилуева Ленинград шаарында төрөлгөн. Светлана ММУнун тарых факультетинде билим алып, КПСС Борбордук комитетинин алдындагы Коомдук илимдер академиясында аспирантураны аяктаган. Аны бүтүргөн соң англис тили боюнча котормочу, адабий редактор болуп эмгектенген. Советтик державанын диктаторунун тун кызы 1960-жылдардын аягында эле СССРден чыгып кеткен. Жашоосунун акыркы жылдарында ал коомчулукка көп чыкпай, журналисттер менен баарлашпай калган. 2011-жылы 22-ноябрда АКШда 85 жашында каза болгон. АКШдагы ММКлары ал рак оорусунан көз жумгандыгын айтышкан. АКШ бийлиги анын каза болгондугун бир жума бою жарыялашкан эмес.

* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы орусиялык топ-модель
Наталья Водянова Орусиянын Нижний Новгород шаарында төрөлгөн. Наташанын атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен. Кыздары менен жалгыз калган Наташанын энеси аялдамада жемиш сатып күн көргөн. Наташа кыздардын улуусу болгондуктан, кичинекей бөбөктөрүн багып, үй жумушун жасоого милдеттүү болгон. 15 жашында досу Натальяны Евгений Чкаловдун моделдик агенттигине алып келет. 100 талапкер кыздын ичинен Евгенийдин көзү дал ушул Водяновага түшүп, Натальяга ал "англис тилин үйрөнүшүң керек" деген талап коёт. Ошентип, орус "Золушкасы" мына ушундай татаал турмушту башынан кечирип Жер шарына таанымал болгон.