Жылнаама, 1-март: Мындан 1 жыл мурун Кытайдын Куньмин шаарында темир жол бекетиндеги террордук кол салуудан 34 адам каза таап, 100дөн ашуун адам жаракат алган

* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы таланттуу актёр жана ырчы Асылбек Өзүбеков Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында туулган. 4-класска чейин айылда окуп, кийин борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке которулган. Үйлөмө аспаптарды тереңдетип окуган класста Муратбек Бегалиев сыяктуу таланттуу музыканттар менен бирге билим алган. 9-классында кайра айылга кетүүгө туура келген. Кесиби актёр. Ташкенттеги Театралдык институтту бүтүргөн. 1985-жылдан тартып ырдай баштаган. Ырчылык Асылбек Өзүбековдун экинчи коштоп жүргөн өнөрү. Асылбек Өзүбеков "Фаридам", "Гүлдөй жан", "Өмүр" аттуу ырлар менен кыргыз элине таанылган.
 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Ноокатта салык кызматкери маркум Сагынбек Алимбаевдин 100-150дөй тууганы райондун борборуна чогулуп, “өлтүрүүгө буюртма берген адамды таап, жазалагыла” деп милиция кызматкерлерине талап коюшкан. Алар менен облустук, райондук милициянын башчылары жолугушуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин адамдар тарап кетишкен. Бирок саат 12 чамасында кайрадан 200дөй адам чогулуп, “буюртма берди” деген адамдын Калинин көчөсүндө жайгашкан үйүн карай бет алып, анда үйдү өрттөп салышкан. Ал кезде үйдө эч ким болгон эмес. Үйдү өрттөгөн 20 адам милиция тарабынан камакка алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң кайра коё берилген. 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаарында “М-Вектор” иликтөө-консалтинг компаниясы өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын рейтингин жарыялаган. Аталган компания 2012-жылдын 18-25-декабрына чейин өлкөнүн бардык аймагында 14 жаштан жогорку курактагы жарандардан сурамжылоо жүргүзгөн. Анда "Супер-Инфо" гезити 3 тармак боюнча гезит-журналдар арасында 1-орунду алган. Сурамжылоого катышкан адамдардын 63,9 пайызы "Супер-Инфо" гезитин окуй тургандыктарын айтышкан. Буга байланыштуу аталган гезит "Кыргызстандагы эң көп окулган гезит" деп табылган. Мындан сырткары окурмандардын 48 пайызы “Супер-Инфо” сүйүктүү гезит экенин билдиришкен. Ал эми окурмандардын 32,7 пайызы "Супер-Инфо" гезити маалыматтарды так жазат деп эсептеген. Сурамжылоого 2400 адам катышкан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Кытайдын Куньмин шаарында темир жол бекетиндеги террордук кол салуудан 34 адам каза таап, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Капкара кийинген 10дон ашык адам чоң, узун бычактары менен темир жол бекетиндеги жүргүнчүлөрдү четинен өлтүрүп киришкен. Бир нече мүнөттүн ичинде темир жол бекети кызыл жаян канга боёлуп, өлүктөр жана жабыркагандар толуп чыккан. Жергиликтүү полиция кызматкерлери окуя болгон жерден 4 кылмышкерди атып өлтүрүп, бирөөсүн колго түшүрүшкөн. Кытай бийликтери бул ишти уюштурууга Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун сепаратисттерин күнөөлөп, алар катуу жазаланышарын айтышкан.
1-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан