
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы ИИМдин Баңгибизнес менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник
Анвар Алиев туулган. Ал кыргыздын биринчи генералы Эргеш Алиевдин небереси болгон. Анвар Алиев Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) Милициянын жогорку мектебин аяктаган. Көп жылдар бою түштүк аймакта милициянын жооптуу кызматтарында иштеп, үзүрлүү эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
2008-жылдын 4-август күнү полковник А.Алиев кесиптештери менен футбол ойноп, түнкү саат 22:45 чамасында үйүнө бет алат. Унаасын токтотуп, өзү жашаган көп кабаттуу үйгө кирерде аны күтүп турган кылмышкер Макаров тапанчасынан ок чыгарган. Биринчи ок ийинин чийип өтүп, моюнуна тиет (болжол менен киллер артынан аткан). Жерге кулаган А.Алиев өзүн колу менен калкалагандан улам кийинки октор колун тешип өтүп, октун бири моюнуна, экинчиси ийинине тиет. Анвар Алиев ооруканада операция учурунда жан берген.
Полковниктин өлүмүн Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту 2009-жылдын 9-июнунда караган. Соттун өкүмүнүн жыйынтыгында “кылмышты уюштуруучу” деп Ош ШИИБинин баңгибизнес менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алмазбек Эргешбаев өмүр бою эркинен ажыртылган. “Анын жардамчылары” деп Ош ШИИБинин далил буюмдар сакталуучу жайынын кароолчусу Кахроман Исмаилов, Ош ШИИБинин баңгибизнес менен күрөшүүчү экинчи бөлүмүнүн мурдагы башчысы Шавкатбек Жунусов жана “куралчы” офицер, Ош ШИИБинин куралдар боюнча мурдагы инспектору Манол Тажибаев 25 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Анвар Алиевди өлтүргөн кылмыштын аткаруучусу дайынсыз бойдон калган.
* Мындан 358 жыл мурун, 1657-жылы Япониянын Эдо (учурдагы Токио) шаарында ири өрт башталган. Өрт үч күнгө созулуп, шаардын 60-70 пайызын кыйратып, 100 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен.

* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы Нью-Йоркто “Кинг-Конг” тасмасынын бет ачары болуп өткөн. 1930-жылдары жазуучулар
Мериан Купер менен
Эдгар Уоллас ХХ кылымдын жаңы образын – Кинг-Конгду жаратышкан. Таң каларлык көлөмдөгү горилла тууралуу идея
Уиллис О`Брайенге өтө жагып калат да, аны тасма кылып тарткан. Коркунучтуу, каардуу, бирок ошол эле убакта өтө мээримдүү горилла тез аранын ичинде эл арасында эң популярдуу кинообразга айланган. “Кинг-Конг” 1933-жылдын мыкты фильмдеринин катарына кирип, көпкө чейин кинотеатр экрандарынан кеткен эмес.

* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы англиялык актёр
Дэниел Крэйг Англиянын Честер шаарында туулган. Дэниел Крэйг дүйнөлүк атакка "Казино "Рояль" (2006), "Квант милосердия" (2008), "007: Координаты "Скайфолл" (2012) тасмаларындагы Жеймс Бонддун ролу аркылуу жеткен. Ал Бондду аткаргандардын ичинен эң көп гонорар алгандыгы менен айырмаланат. Айта кетсек, "Казино "Рояль" тасмасы үчүн 10 миллион 400 миң доллар гонорар алган.