Бишкекте 3 адамдан турган кылмыштуу топ колго түштү

11-февралда Бишкек шаардык ИИББинин кызматкерлери тарабынан 3 адамдан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Карима Аманкулова билдирди. Маалым болгондой, укук коргоо кызматкерлери борбордогу батирлердин бирине тинтүү жүргүзүү учурунда Ысык-Көл облусунун 27 жаштагы У.А., 26 жаштагы М.С. жана 28 жаштагы А.А. аттуу тургундары кармалышкан. Алардын жанынан Калашников автоматы табылган. "Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда",- дейт Аманкулова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан