Бишкекте дүкөн сатуучусун тоноо кылмышына шектүү 18 жаштагы кыз кармалды

9-февраль күнү саат 23:00дө Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүнүн бирине кардар катары кирген 3 кыз сатуучуну ур-токмокко алышып, анын 10 миң сом акчасын жана сатыкта турган азык-түлүктөрдөн көтөрүп чыгып кетишкен. Окуя боюнча арыз түшүп, Бишкек шаардык ИИББинин кызматкерлери кылмышка шектүү 18 жаштагы бир кызды кармашты. Учурда 2 кыз издөөдө жүргөнү маалымдалды. Шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жарандардын күнөөсү далилденсе, алар 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан