Кувейт жана Бахрейн өлкөлөрүндөгү Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна даярдануу мелдеши соңуна чыкты

Бүгүн, 12-февралда Кувейт жана Бахрейн өлкөлөрүндөгү Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна даярдануу мелдеши соңуна чыкты. Бул спорттук иш-чарага Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы да катышып, 3 оюн өткөрдү. Айта кетсек, биринчи оюнда кыргыз футболчулары Бахрейндин “Аль-Раффа” командасы менен беттешип, 2:4 эсебинде жеңилген. Экинчи оюнду кувейттик "Аль-Кадси" командасы менен беттешип, 1:1 эсеби менен тең чыккан. Ал эми үчүнчү оюнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кувейттин курама командасы менен беттешип, 1:2 эсебинде жеңилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан