Бишкекте "Бала кароочу китепкана" кызматы ачылды

Бишкектеги Ж.Турусбеков атындагы №2-китепканда "Бала кароочу китепкана" кызматы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, бул кызматтын башкы максаты балдарды китеп окууга кызыктыруу болуп саналат. Ошондой эле ата-эне китепканага балдарын алып келип коюп, өз иштерин бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Китепкананын кызматкерлери балдар менен ойноп, сүрөт тартып, китепти көркөм окуп, мультфильм көрүшүп, аны бирге талкуулашат. Мектепке чейинки балдар үй тапшырмасын аткарышып, маалымат арттыруучу видеотасма көрүшүп, китепкананын фонду менен таанышышат.

Иш-чарага Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси Жамиля Абирова, Маданият башкармалыгынын адиси Жантөрө Суранов, Бишкек шаардык китепкана түзүмүнүн орун басары Токтокан Сыдыкова, шаар китепканаларынын башчылары, ата-энелер балдары менен катышышты.

“Китеп окуу адамдын жан дүйнөсүн өнүктүрөт, андыктан балдарды китеп окууга кичине кезинен үйрөтүш керек. Мындай кызматтарды шаардагы башка китепканаларда да ачуу пландалууда”,- дейт Жамиля Абирова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba_00
2015-03-02 16:37:16
Адреси каякта болду экен? анан дагы алтынчы базар кундору иштейт болду бекен?
+1
Bakulya79
2015-03-02 18:37:11
Мынча жакшы.бекер бекен.
0
Zarema94
2015-03-02 23:33:04
Бейшеналива-Киевский Беш-Сарынын жанында. Жекшембиде иштешпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан