Дайыр Исмадияров Таш-Көмүр шаарында жеке концертин берди

Кыргыз эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында жеке концертин берди. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына билдирди. 
Маалым болгондой, Дайыр мырзанын концертин ырчылар Автандил, Бегимай Бекбоева, Нурбек Дайырбеков жана "Тамашоу" долбоорунун "Ошолор" командасы коштоду.
"Концерт жогорку деңгээлде өттү. Ар бир ырымды күйөрмандарым колдоп турушту. Залда отургандар суроо жазылган каттарын узатышты. Алардын баарына жооп бергенге аракет кылдым. Мисалы, "Таш-Көмүрдү артта калган шаар дейт, сиздин оюңуз кандай?" деген суроого мен "сейрек жана баалуу металлдардын, таш көмүрдүн, асыл таштар чыккан жердин мекенин артта калган деп айткандарга кошулбайм" дедим. Ошондой эле "Качан үйлөнөсүз, сүйлөшкөн кызыңыз барбы?" деген өңдүү суроолорду беришти",- деди Дайыр Исмадияров.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
anjela500
2015-03-02 17:12:10
эптеп эле концерт берип койгону корунуп турат эч кандай даярдыгы жок,и что за привычка так фотаться это после анжелики так все начали фотаться со зрителями вместе,бул жерде ашып барса 200 адам чыгат зачем мындай болбогон концерттерди берип, ХХХ дешевый концерт
-3
admin_media
2015-03-02 17:21:32
anjela500 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
0
aika1405
2015-03-02 18:14:23
anjela500, дешевый концерт деп,озунду аябай элита сезет окшойсун,сураштыра келсе сен деле бир байкуш кыргыздын кызысын.
+4
bema_bema
2015-03-02 20:26:41
anjela500, айылда ошондой адам аз болотда
+1
aika1405
2015-03-02 18:19:14
Айылдын клубтары,маданий уйлору 200,300 адамга эле ылайык,жогоруда Анжелла айым айткандай дешевый болобу,элита болобу,концерт коюп келишсе барабызда анан,бул айым только элита делген стрип клубдарга барат окшойт.
+2
Bakulya79
2015-03-02 18:35:45
Ар бир айылды туро кыдырып концерт бергендин озу эрдик.Азыркы заманда биздин ырчылар Бишкектен чыкпайт.
+1
daniel87
2015-03-02 18:56:23
Ийгилик каалайм
+1
Eraly___
2015-03-02 19:00:50
Oomad ne bolsoda)
0
bema_bema
2015-03-02 20:28:52
Колунардан келсе тоолу аймактарга да койгула,элдин маанайын которуп келесинер
+1
burka
2015-03-03 10:00:09
Анжеликаны туурап алган гоо Анжелика селфи кылгвн болчу Ош жергесинде
0
http
2015-03-03 10:34:05
burka, жоок анжелика эмес муну башында Тамашоудогу Ак Орго сити командасы кылган болчу ошолорду туурап жатышат баары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан