Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде арткы бетиндеги пластинография техникасын үйрөтүү боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Бул тууралуу 2-мартта билдирди.
Маалым болгондой, мастер-класска 5 жаштан 12 жашка чейинки балдар катышты. Мастер-класстын алкагында сүрөт чеберлеринин жардамы менен балдар сүйүктүү мультфильминдеги каармандардын сүрөттөрүнүн үлгүсүн жалтырактын бетине бастырып түшүрүшүп, аны түстүү пластилин менен кооздоп чыгышты.