
* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы телеалпаруучу, диктор
Бактыбек Мамытов Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек Мамытов 7 бир туугандын улуусу. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.
Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Даңк медалы жана башка бир топ сыйлыктарга татыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсөтүүсүнүн редактору жана алып баруучусу, КТРКнын алдындагы "ТВ-студиясынын" диктору.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы журналист, саясий баяндамачы
Сыргак Абдылдаевге белгисиз адамдар 21 жолу бычак урушкан. Журналисттин өмүрүнө кол салуу Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндөгү басылманын имаратынын жанында кечки саат 7лерге жакын болгон. Муну көрүп калгандар 20 мүнөттүн ичинде №4-шаардык ооруканага жеткиришкен. Сыргак Абдылдаев оор абалда ооруканага түшкөн. Мээси чайкалып, эки колу тең сынган. Анан балтырына 21 жолу: оң жагына 12, сол жагына 9 жолу бычак сайылган. Дарыгерлердин айтымында, журналисттин өмүрүн ооруканага убагында алып келүү сактап калган. Сыргак Абдылдаев өз учурунда бийликти сындаган курч макалаларды жазган. Ал кыйла жылдардан бери Бишкектеги орус тилдүү эркин басылмаларда саясий, экономикалык, коопсуздук маселелерин козгогон аналитикалык макалаларын жарыялап келген.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Кытайдын Юньнань провинциясында жер титирөө болуп, көптөгөн имараттар кыйроого учураган. Жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жеткен. Күтүүсүз кырсыктан 92 миң адам жабыр тартса, 1700дөй үй кыйрап калган. Аталган аймактагы электр жана суу менен камсыз кылуу тармагы да иштен чыккан. Кырсык болгон жерге мамлекет тарабынан 3 миң чатыр, төшөнчү жана жылуу кийимдер жеткирилген.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы “Орусия периси-2013” сулуулар сынагында 18 жаштагы
Эльмира Абдразакова аттуу кыз жеңүүчү болгон. Орусиянын Междуреченск шаарынын тургуну болгон бул сулууга 100 миң доллар жана жеңил унаа берилген. Жеңүүчүнүн улуту ким экендиги көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган учурда Абдразакова өзү маалымат жыйын өткөрүп, апасы орус, атасы татар улутунан экендигин айткан.