5-8-март күндөрү Бишкектеги соода борборлорунун
биринде бөлмөгө коюлчу гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтөт. Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чаранын ачылышында
иллюзионист Григорий Рыбачок оюн-зоок
көрсөтөт.
Көргөзмөгө бөлмөгө коюлчу
гүлдөрдүн көптөгөн түрлөрү коюлат.
Экспозицияда гүлдөрдүн жаңы сорттору орун алса, гүлдөрдүн ханышасы фиалка гүлү болот.
Ошондой эле гүл
өстүрүүчүлөр келген көрүүчүлөргө гүлдөрдү кантип күтүү керектиги
тууралуу кеңештерин беришет.