Бүгүн, 12-февралда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто айыпталуучу, Мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” атайын даярдыктагы аскерлердин 3-бөлүгүнүн кызматкери Акылбек Ниязов суракка алынды. Суроолрго жооп берген Ниязов буларды билдирди: "7-апрель күнү саат 07:30да Ак үйдүн чатырына акыркы жолу байкоочу катары чыккам. Саат 14:30да борбордук аянтка эл келди. Алар милиция кызматкерлерин кууп, дарбазаларды сындырып баштаганда биз "асманга ок аткыла" деген буйрукту угуп, асманга ок чыгарганбыз. Бир убакта чатырдан башымды көтөрсөм, мен тарапка ок чыга баштады. Ошондон кийин коркуп, башымды көтөргөн эмесмин. Дал ушул учурда рациядан "элди бутка аткыла" деген буйрук чыкты. Бирок биз аткан жокпуз”.