Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте Ооган согушунун ардагерлерине арналган кече болуп өттү. Анда ардагерлер үчүн аталган мектептин окуучулары сахналаштырылган көрүнүш аткарышып, мекен жөнүндө ырларды тартуулашты. Бул иш-чара боюнча аталган мектептин директору Айгүл Алдашева төмөнкүлөрдү билдирди:
"Биз бүгүн “Ооган согушунун ардагерлерине таазим!” деген ураан менен маданий кече өткөрдүк. Бул иш-чаранын максаты - 9 жылга созулган аталган согуштун ардагерлерине сый көрсөтүү жана жаштарга бул согуш тууралуу кененирээк маалымат берүү".