Бишкекте уйгур маданияты көрсөтүлүп, элдик музыкалык аспаптардан чыккан кайрыктар жаңырды

Бишкектеги К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында “Музыка - элдин жаны” аталышындагы иш-чарада уйгур маданияты көрсөтүлдү. Бул тууралуу 3-мартта "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, кечеде салттуу музыкалык аспаптардан чыккан кайрыктар жаңырып, көркөм бийлер бийленип, кооз костюмдар көрсөтүлдү.

Кеченин максаты - Кыргызстандагы этностордун маданиятынын ар түрдүүлүгүн, айрыкча балдар жана жаштар арасында эл аралык диалогду өнүктүрүү.

Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана Кыргыз улуттук консерваториясы менен биргеликте уюштурулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан