Аялдардын улуттук форумунун алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө
Бүгүн, 3-март күнү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Аялдардын улуттук форумунун алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманке-көргөзмөсү өтүүдө. Ага өлкөбүздүн ар тарабынан келген жүздөн ашык ишкер катышууда. Көргөзмөгө жаш балдардын колунан чыккан оюнчуктар, апалар жасаган шырдактар коюлган. Муну менен кошо жарманкеде балдын түрү, жашылча-жемиштер көрсөтүлүүдө. Иш-чара бир күнгө гана созулат.