Жылнаама, 4-март: Мындан 1 жыл мурун өмүрүнө коркунуч келгенине карабай Евромайданда митингчилердин алдында ырдаганы үчүн украиналык ырчы Руслана Мишель Обама тарабынан "Эрдик көрсөткөн айымдар" сыйлыгы менен сыйланган

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Кыргызстандын мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге кылмыш иши козголгон. Экс-министр "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталган. Чыңгысбек Узакбаев министр болуп турганда өзүнүн бир тууганы С.Узакбаев жетектеген “Бапа” дыйкан чарбасына мыйзамсыз түрдө 419 миң доллар насыя берүү үчүн кол алдындагыларга буйрук бергени айтылган. Аталган дыйкан чарба насыя алуучуларга тийиштүү болгон талаптарга жооп берген эмес.
 
* Мындан 178 жыл мурун, 1837-жылы АКШдагы Мичиган көлүнүн боюнда орун алган Чикаго порту шаар статусун алган. Ал убакта шаар калкынын саны 3 миң адамга араң жетсе, 1850-жылы Чикагодо 30 миң адам жашаган. Өткөн кылымдын соңунда шаар өнөр жай жана каржы борбору катары өлкө экономикасында олуттуу орун ээлеп келген. Жергиликтүү индеец калкы "чикаго" деп сасыган жерди атаган. Мындан улам XX кылымдын ортосуна чейин шаар өнөр жай калдыктары менен ыштын чордону катары индеецтер айткан аталышты иш жүзүндө аныктап келген. Кийин Америка шаарларынын арасынан Чикаго биринчи болуп экологиялык реконструкцияны ийгиликтүү иш жүзүнө ашырган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Конгонун борбору Браззавиль шаарындагы "Режиман блинд" аскердик базасында ок-дары сакталган кампа өрттөнүп, жарылып кеткен. Бул шаардын көп жеринде өрттүн чыгышына да алып келген. Анын натыйжасында 300 киши каза болуп, 1340 адам ар кандай жаракат алган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы АКШнын президенти Барак Обаманын жубайы Мишель Обама украиналык ырчы айым Руслананы “International Women of Courage” ("Эрдик көрсөткөн айымдар") сыйлыгы менен сыйлаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жылына тапшырылуучу сыйлык Руслананын Евромайданда оппозиция тарабында болгону менен түшүндүрүлгөн. Сыйлык тапшыруу аземи АКШнын Мамлекеттик департаментинде өткөн. Руслана өмүрүнө коркунуч келгенине карабай Евромайданга барып, митингчилердин алдында ырдаган. Ал 2004-жылы “Евровидение” сынагын утуп алган. Кийин ал Украинанын Жогорку Радасына депутат болуп шайланган. Ал Майданга активдүү катышып, алгачкы апталардан тарта эл алдында Украинанын гимнин ырдап турган.
4-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан