"Халифат курууга үндөгөн" деп айыпталган мечит имамы СИЗОдо дагы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө

"Халифат курууга үндөгөн" деп айыпталган мечит имамы Рашод Камалов СИЗОдо дагы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин 10-башкы башкармалыгы тарабынан Рашод Камалов отурган №5-СИЗО текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында Камаловдун жанынан диний-экстремисттик материалдар жана уюлдук телефон алынган.

Айта кетсек, 1978-жылы туулган Рашод Камалов Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сараксий” мечитинин имамы болгон. Ал уюлдук телефон жана интернет аркылуу жарандарды халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык таратканы үчүн айыпталууда. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Камалов Оштогу №5-СИЗОго киргизилген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Aibo88
2015-03-04 10:16:26
Myndailardy el buzar deit jok kylyw kerek
+2
asiana
2015-03-04 10:20:44
Ziyandan bashka bir da paydasi jok ushuga okshogon sabatsiz adamdar kuyguzduu.
+2
tagokg
2015-03-04 10:30:36
СИЗОго ал материалдарды ким алып кирген??? Ошондой материалдарды карап, текшерип анан беришпейби омой???
+1
uran001
2015-03-04 11:36:55
Камаловду Турсун Бакир уулу колдоп жатты элего ажы ака киргизбейтабы
+2
Uli6886
2015-03-04 11:39:11
Материалдары олуп кетсин, телефондукайсы эшектин этин жеген киргизди экен.
+2
Aidar.001
2015-03-04 11:51:27
Бул адам сымал ХХХ коомду бузганы аз келгенсип, турмодо да жон жатпайт экен да!!,ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-03-04 12:06:57
Aidar.001,
Провокацияга жол жок! Эскертүү!
0
danyshman
2015-03-04 12:35:20
Ошого окшогон эл журт бузарды жакшылап коз салып караш керек да,сизодоку кайтаруучулар эшектин ¿¿¿ жеп жатабы?жакшыылап караса бллот го.
0
uulay
2015-03-04 12:39:10
Пулун болсо-кулунмун деген заман болду го. Оздору алып кирип берген да телефонду. Туштон кийин калптарды айтышат. Элди маныроо,эмне айтсан ишене берет дейт окшойт
0
kursantbek
2015-03-04 12:50:48
соз деп еле суйлой бербей биринчи иликтеп коруп анан суйлош керекта политика деп койот буну мен ечкимге ишене албайм
-1
saulet2009
2015-03-04 13:39:44
Чондордон бироо барда аларды колдоп жардам кылган болбосо каяктан алат эле.Сирияга барса эле жыргашмак беле жанинан тойгон адам баратта,кантип ушуга баштары жетпей жатат.Миллионер болгондо да ал жактан тируу кайтканга шансын жок.
0
al79mi
2015-03-04 16:26:20
Ашыкча динчилдиктин кесепети.
-1
maksnarin
2015-03-04 22:16:16
Аалымдардын жетишсиздиги,жазанын аздыгы-(((
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан