Москва районунда автокырсык болуп, 16 жашар кыз каза тапты

11-февраль күнү саат 02:00 чамасында Чүй облусунун Москва районунда жол кырсыгы болуп, бир жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдирди. Хонда Одиссей унаасын айдап бара жаткан 24 жаштагы Ш.А. аттуу жаран рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Окуядан 16 жаштагы А.Б. аттуу кыз жабыркап, эсине келе албаган калыбында каза тапкан. Ал эми айдоочу аймактык ооркунага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан