Ырчы Анжеликанын кайрымдуулук кечеси ырчылардын коштоосунда өттү

Бишкекте 4-март күнү кыргыз эстрада ырчысы Анжелика рак илдети менен ооруган адамдарга жардам берүү максатында кайрымдуулук иш-чарасын уюштурду. Ага ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ыргал Кадыралиева, Бөдөш Мамырова, өлкөдөгү Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева, КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова, белгилүү телеалпаруучу Гүлшан Молдоева, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Асел Турдалиева, Динара Акулова, ырчылар Чолпон Алсейитова, Арсен, Омар, Даниель, Мирбек Атабеков, Иса Өмүркулов, “Жебе”, “Style Mix” топтору, Урмат Усенов, Неля, Аскат Мусабеков, Залина Касымова, Асел Касымова, Юлия Руцкая, алып баруучу Нурзат Токтосунова, футболчу Азамат Байматов, “тамашоучулар” Кубат Кубанычбеков, Азамат Исмаилов, Санжар Мыкыев, клипмейкер Эрнист Сыдыков, бийчилер топтору жана башкалар катышты.

Кечеде алып баруучулук тизгинди Салтанат Саматова жана Эркин Рыскулбеков башкарышты. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Анжеликанын кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, аны кыргыз ырчылары коштоп турушту.

Стилист Тилек Бекболотов көзүн таңып алып кыздардын чачын жасап көрүүчүлөрдү таңдандырды. Кечеде чогулган 300 миң сомдон ашуун каражат рак илдети менен күрөшүп келген адамдарга ооруну басаңдатчу дары-дармек алууга которулуп берилди. Ырчы Анжелика Аялдар конгрессинин медалы менен сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Kampos
2015-03-05 15:12:26
Вообще сындабагылачы, Анжеликадай иш алып барып анан ооз коптуруп сындасанар. Ал озун ПР кылса кылгандыр, бирок кичинекей болсо жардам да корсотуп жатат.
-1
aika1405
2015-03-05 15:24:01
Менин да Анжеликанын куйоосундой,озумдон бир кыйла чон,акчалуу куйоом болгондо,озумду ар тараптан корсотмокмун,азыр бардык нерсе келип акчага такалат,куйоосунун акчасы коп экен салондорду ачып берип котормолоп атат,ушундай жетишкендиктердин биринчи себеби акча.....
-1
akzuura
2015-03-05 15:32:30
aika1405,кеп чон же акчалууда эмес аныда деериде бар Адам жасайт канча акчалуу депутаттарыбыз журот кана алар келинчегин ушинтип которгону же рак мн ооруган балдарга жардам бергени?мындай ишда колунан келген жасайт.
+3
nurka_85
2015-03-05 17:36:37
aika1405, тие бер да. сен тийсен деле анжелидей айкол боло албайсын го дейм.
Бироонун ийгилигине коз артпай озунор аракет кылгылачы.
Же бул кыз эмне бироонун бай куйоосун тартып алдыбы.
Мышык майга жетпегендей
+1
aika1405
2015-03-05 15:26:50
Негизи Анжелика мен,мен деп эле кыйын боло берет,аны кыйын кылып жаткан куйоосунун акчасы.
+1
Gulshan_kf
2015-03-05 15:51:49
Ооо Алла! Эмне анча ниеттинер жаман. Анжелика айым, азамат! Аракетчил болгону учун ушундай денгелге жетип атат!!! Жазат десе эле анкоолонуп жаза бербегилечи...
+1
Eliza2012
2015-03-05 16:20:58
Ушул койнокторун коргозуп ырчыларды ырдатып кайрымдуулукка акча чогултуп жатат молодец Анжелика ушунунан жазба!
0
manpover2014
2015-03-05 16:42:37
Анжелика жаш акылдуу айым экен.оорулууларга жардам берип чоон соопко калды Алла Таллам ыраазы болсун.
+4
Dashi
2015-03-05 16:58:07
Кечеден 300000 чогулуптур.чыгымы 500000ден ашыптыр.Анжеликанын жанында жургон адам айтты.Так что бул кымбаат пиар....
+3
shutUP
2015-03-05 17:56:46
хехе, ээ айымдар, мынча бир биринерди коро албайсынар ай?))) Силердин да бай куйоонор болгондо корот элем,тескерисинче Анжеликадай иштебей, уйдо былчыйып жатмаксынар, белинер 3-4 кат болуп))
+3
medi0204
2015-03-06 17:26:16
shutUP, )))))))))
0
Saikalushka
2015-03-05 21:48:28
Кайрымдуулукту негизинен жашыруун жасоо кобуроок сооптуу болот. Кантседа топтолгон акча менен рак ооруусу менен алышып жаткан бейтаптардын Аллах шыпаасын берип, тезирээк сакайып кетишсин. Аллах баарын билуучуу...
+2
kymaw
2015-03-06 01:28:53
Анжелика молодец айым жолдошу да тушунгон адам экен бактылуу болунуздар.
+4
dkanu
2015-03-06 02:00:44
Койгулачы деги. Озубуздон баштайлы. Ушул жерге пиар кылды жашоо ошолордуку дегендин ордуна аракетинди кыл. Аракетке берекет! Сенин колундан ошондой нерсе (колунда жокторго жардам) келет. Жардам бер. Кудайга шугур кылалы. Сен кимге жардамын тийди!?
+3
Nurzada_0111
2015-03-06 03:25:56
Ozunor jardam bere albaisynar,jardam bergen adamdy koro albaisynar.
+6
FSB
2015-03-06 04:41:59
KGdegi kyzdardyn kashtary kantet, ujas?!Tatuaj kash moda bolup jataby? Anjelika molodes! Deerinde bar adam, akchasy jok bolso da izdenuunun ustundo bolot.
+1
eliz-an86
2015-03-06 12:46:50
Кыргыздар ушубуз да, ойдого чыгып баратса бутунан тартып тушургонго аракет кылабыз. Коро албас ичи тар адамдардын айынан Кыргызстаныбыз онолбой эле жоголуп бара жатат. Ал эми Анжеликанын кайрымдуулук кечеси абдан сонун болуптур, сооп ала турган ишти жасаптыр. Азамат Анжелика иштерине ийгилик мындан ары да чыгармачылыгын оркундоп, жакшы иштердин жакшы сыйлыктардын ээси болуп журо бер!
0
Nurmiraminkush
2015-04-09 16:58:37
тобоооо, эмне мынча ичибизге таруу айланбайт!? Негизи озубуздун колубуздан келбейт, а колунан келген кишини коро албай андай кылды, эк мындай кылып коюптур деп эле сындатып койсо алдыбызга киши чыкпайт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан