Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен болгон. Анда белгисиз айдоочу жашы 25-30 чамасындагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан. Учурда айдоочу изделүүдө.