Борбордо ислам динине ылайык, улуттук колориттеги кийимдердин көргөзмөсү өттү

Бүгүн, 5-март күнү борбордогу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында ислам динине ылайык, кыргыздардын улуттук колориттеги кийимдер көргөзмөсү өттү. Иш-чарага 17 дизайнер катышып, алар ар башка стилдеги кийимдердин коллекциясын көрсөтүштү. Көргөзмөнүн уюштуруучусу Жамал Фронтбек кызынын айтымында, саамалыкта мусулман аялдарынын улуттук, кечелер үчүн, мектеп окуучулары үчүн, үлпөт тойго, спорт менен машыгууда кийиле турган көйнөктөрдүн түрү чыгарылды.

“Иш-чаранын максаты - улуттук колориттеги хиджабдарды кыргыз жеринин мусулман кыздары ылайыгына жараша кийсин дегенибиз. 

Бул жерден жүн, жибек жана башка кездемелерден жасалган көйнөктөрдү көрө аласыздар. Көпчүлүк дизайнерлер жалпы элге тааныла элек, бирок хиджабдарды тигип жүрүшөт. Бул көргөзмө жаш дизайнерлердин чоң мода дүйнөсүнө киришине кадам болот деп ойлойм”,- дейт Фронтбек кызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Baby_come_back
2015-03-05 15:37:52
Суроттордун 5-рядындагы кийимдерди коруп жудоп кеттим. Ушундай кантип кийим болсун?! Калгандары жакшы эле, бирок башындагы жоолуктарды шалбыратып илип албай, тыкан эле байлап коюшса.
+1
Shaa-82
2015-03-05 16:49:06
ислам дининде денеге жабыштырып кийбесе керек эле билишимче. денеге жабышып кийилсе дене корунгон менен барабар деп коюшатго молдокелерибиз
+3
chubi
2015-03-05 17:27:19
Мамлекет ушундай кийингендерге тыюу салып салса болот эле,
-1
shutUP
2015-03-05 17:42:16
chubi,ким кандай кийинет ал аркимдин укугу, сени деле эчким киндигин корунуп калыптыр, андай кийинбе дебей эле го
+1
SherhaN
2015-03-05 17:44:29
chubi, сенин эжен же карындашын мини юбка кийип журсо ага башка эркектер коз атып журсо сага жакшыбы
-1
Sofy
2015-03-05 17:32:47
A gde odejdy dlya wkolnikov! Pravila doljno byt vsem odinakovo, znachit wkolniki doljny nosit belyi verh i chernyi niz. A esli dlya wkolnikov imeetsya specyal'nye odejdy, to, nado nosit tolko eti odejdy!
-3
bakyt_2015
2015-03-06 00:43:03
Sofy Президент мамлекеттик денгээлде кыргыз тилин которолу деп жатат.Демек баарыбызга тен
+4
maks94.kb
2015-03-05 18:32:04
Эн жакшы аллахыма шугур бирону сындагандан корком бирого карап кулгондон да корком балким менида биро сындап биро кулуп жаткандыр жудосо бул жашоодо жудошот тиги жашодо жудошбойт бул жашоодо жудобогондор балким тиги жашоодо жудошотур аллахым ар бир пендене ыйман бере кор
0
meerim94
2015-03-06 03:20:08
кыргыздар хиджап кийчуу беле! билишимче жок тее ата бабаларыбыз жашаган кездеда кийген эмес биздин энелербиз элечек чепкен узуун турдуу тустогу кийимдерди кийген ! хиджап кийип жаман иштерди кылып жургондорда бар! хиджапты кисенда кийбесенда Алладан ишенип таза журсон болгону ! эмнеге Кыргыздар ушундайбыз ким жакшы суйлосо ооп кете беребиз озубуздун кийимдерди кийсе болбойбу
+5
raku
2015-03-10 16:55:03
хиджабдарга биздин оймолорду түшүрүп алып, чүмкөнүп алып жыргап жүрүшөт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан