Башкортостандын Маданият күндөрүнүн ачылыш салтанатында искусство чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүштү

4-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасындагы Башкортостан Республикасынын Маданият жана илим күндөрүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта КРнын Өкмөтүнүн аппаратынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чараны ачууда премьер-министр белгилегендей, кыргыз эли менен Башкортостандын элин жалпы тарыхы, тили, маданияты, дини бириктирип турат. 

"Биз Башкортостан Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндөгү ийгиликтерине кубанабыз. Башкортостандын жетекчисинин чакыруусу боюнча Уфага барган кезде, мен алардын зор жетишкендиктерине кубандым. Биз үчүн Башкортостан Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүү маанилүү",- деп билдирди өкмөт башчы.

Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, башкыр тарап менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр алкагында экономика, социалдык, маданий-гуманитардык жана илимий жааттагы биргелешкен ишмердүүлүк пландары белгиленди. "Менин пикиримде, бул жыл кызматташуубузду тереңдетүү жана кеңейтүү көз карашынан алып караганда, кыргыз өлкөсү жана Башкортостан үчүн өзгөчө жылдардан болот",- деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, быйылкы жылы Башкортостан Республикасына кыргыз мамлекетинин Маданий күндөрүн өткөрүүгө карата Кыргыз Республикасынын маданият жана илимий ишмерлерден турган делегациясы жөнөтүлөт. 

Иш-чарада Башкортостан искусство чеберлеринин чоң концерти орун алдыТ.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын холлунда “Башкыр элинин материалдык байлыгы” жана “Башкортостан – Евразия бермети” аттуу сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан