Бишкекте "үй сатып берем" деген шылтоо менен акча алып, изин суутуп кеткен айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Айсулуу аттуу айым анын ишенимине кирүү менен арзан үй алып берем деп 27 миң доллар алып, изин суутуп кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 47 жаштагы аял кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.