Бишкекте “Биздин балалыктын асманы” тасмасынын жаралышын чагылдырган көргөзмө болду

Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “Биздин балалыктын асманы” көркөм тасмасынын жаралышын чагылдырган сүрөт көргөзмө болду. Бул тасманы 1967-жылы режиссёр Төлүмүш Океев тарткан. “Бул сүрөттөр улуу режиссёрдун архивинде 45 жыл бою сакталып турду. Муну биз коомучулукка 2012-жылдын март айынан баштап эле чыгара баштадык. Баш-аягы 28 сүрөт бар. Бирок алардын автору ким экени ушул күнгө чейин тактала элек”,- деди Төлөмүш Океев атындагы фонддун жетекчиси Азиза Океева. Айта кетсек, тасманын сценарийин Кадыркул Өмүркулов жана Төлөмүш Океев жазып, аны Кадыржан Кадыралиев жана Таштан Эрматов тасмага түшүргөн. Тасмадагы ролдорду Муратбек Рыскулов, Алиман Жанкорозов, Советбек Жумагулов, Бүбүсара Рыскулова, Насретдин Дубашев, Самак Алымкулов, Бексултан Жакиев жана Сабира Күмүшалиева аткарган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан