Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкеринин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкеринин жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган Ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн кызматкери К.Бнын өздүк материалдары текшерүүгө алынган. Анын негизинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча берилген дипломунун жасалма экендиги аныкталган. Ал кызматкер жасалма дипломду пайдалануу менен Талас облустук ички иштер башкармалыгында ар кандай кызматтарда иштеген жана улук лейтенант деген наам алган.  

Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
M.i_i.m
2015-03-05 16:11:46
Диплому жасалма болгону менен дамкратты кучтуу да ошого чукуган адам жок иштеп калган.чындыкка таянып иш козгосо кыргызстанда кыйла орун бошомок жаш адистерге
+2
Мэри
2015-03-05 16:14:11
Карап турсаң бирин бири алдаган эле адамдар, зордукчулар, уурулар, тоноочулар, киши өлтүргөндөр...
Жакшысынан жаманы көбүрөөк... Кыйын, оор, түшүнүксүз учур...
"Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет" дечү эле. Балким, токмок күчсүз болуп, тартиптин жоктугунан болуп жатпасын ушунун баары...
0
zhykyo
2015-03-05 16:20:43
Дипломду которуп алып канча жаштар бош журот.Акчан болсо аааааа ошондой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан