“Алайда жергиликтүү тургунду таш менен башка чаап өлтүргөн” деп шектелип эки жаран кармалды

“Алайда жергиликтүү тургунду таш менен башка чаап өлтүргөн” деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ички иштер министрлигинин Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 4-март күнү аталган райондогу бала бакчалардын биринин балдар аянтчасынан 28 жаштагы жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Анын киши колдуу болуп өлгөнү аныкталып, жанынан кан болгон таш табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Нургазы, 1989-жылы туулган Алтынбек кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aidar.001
2015-03-05 17:41:38
Эми буларга эмне болуп кетти экен?
+1
Nurlankg92
2015-03-05 18:24:10
Кулгондун билгени бар ак ийилет сынбайт,кебир адамдарга олуумда аздык кылат.бирок адам олтургондорду ,кандай болбосун строгий режим мн капаш керек.
0
aydarken
2015-03-05 19:02:51
Адам олтуруш азыр таракан олтургондой эле оной болуп калганбыя,ар бир адамга ыйман–ынсап берсинчи ...
0
EdikoKG
2015-03-06 09:13:13
Биздин айылда,башыма тук чыккаандан берки болуп откон ЧП. Баары ичкиликтин айынан болду. Маркум да,олтургон балдар да тентегираак,ичкилике "чомулгон" балдардан болчу.
+1
ainuska00
2015-03-06 10:38:19
EdikoKG,Алайдын кайсыл айылы?
0
EdikoKG
2015-03-06 12:38:49
ainuska00, Согонду айылы. Мурдакы (Кызыл Коргон). Гулчодон 17км дальше.
0
Bektur2
2015-03-06 09:52:00
Каттуу чара колдонбосо зордуктаган,кордогон,саткан,олтургондор кобойуп баратат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан