11-февралда УКМКнын СИЗОсунда отурган Бишкек шаарындагы Свердлов райондук казынасынын кызматкери Э.Сатаевге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Э.Сатаев 2011-жылы Свердлов районунун казынасынан мыйзамсыз түрдө өзүнүн тааныш адамына 2 миллион сом которуп берген. Бул аракети боюнча Э.Сатаевге карата УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду. Эске салсак, 2013-жылдын январь айында УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан Э.Сатаев, Свердлов районунун казынасынан 2010-жылы
3 миллион сом алган деген айып менен кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалган болчу.