Бишкектеги өрт кырсыгынан бир адам түтүнгө ууланды

Бишкекте өрт кырсыгы катталып, бир адам түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ шаардагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, бөлмөнүн 2 чарчы метр жыгач полу, төшөнчүлөр жана кийим-кечелер күйгөн. Ошондой эле өрт чыккан жерде үй ээси түтүнгө ууланган. Ошол учурда ал шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми кырсыктын келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан