Борбордо “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү" деп шектелген жаран кармалды

Борбордо "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү жаран башкаларды экстремисттик уюмдун катарын толуктоого үгүттөп жүргөндүгү аныкталган. Андан сырткары ал экстремисттик маанайды камтыган китеп, баракчаларды таратып жүргөндүгү аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси көтөрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Мэри
2015-03-06 10:21:57
"Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү экенин кантип билүүгө болот,аны башка мусулмандан кантип айырмалоо керек, ушулар тууралуу дин аалымдары элге кеңири маалымат беришсе болмок,маселенин алдын алып...Болбосо жөнөкөй жарандар (дин кызматкерлеринен сырткары) кантип ажыратышат... Күндөн-күнгө көбөйүп баратышабы булар же биздин кызматкерлер жакшы иштеп жатышабы, күндө эле ушул сыяктуу жаңылык чыгып жатат...
+1
Bektur2
2015-03-06 10:25:14
Кармап эле атасынар качан тугонот Хизбут-Тахирлер
+1
nurik2103
2015-03-06 13:23:14
Алар кармаган сайын кобойот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан