Чүй облусунда өз атасын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Кемин районунун Орловка айылында 51 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда маркумдун киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы С.Н. аттуу баласы кармалган. Анын айтымында, мас абалында үйүнө келип, атасы менен уруша кеткен. Андан соң атасын ур-токмокко алган. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан.