Экономиканы өнүктүрүү фондунун кызматкери пара менен кармалды

Экономиканы өнүктүрүү фондунун кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-март күнү А.К. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну кайрылган. Анда ал Экономиканы өнүктүрүү фондунун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн башчысы оңдоо иштеринин аткарылганы боюнча акт жазып берүү үчүн 10 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bektur2
2015-03-06 11:41:48
Бул пастанова акча сунуштаганда албай койуптур деп укам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан