Ош облусунда мыйзамсыз паспорт берүү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы Сопу-Коргон айылында Паспорт-визалык жана каттоо бөлүмүнүн адиси А.А. аттуу адамды Өзбекстандын жараны экенин билип туруп, ага паспорт алып берүү үчүн тиешелүү документтерди “Инфоком” ишканасына жөнөткөн. Ал эми 2014-жылдын 3-ноябрында А.А. аттуу адамга кыргыз жараны деген паспорт берилген.
Иликтөөдө белгилүү болгондой, аталган кызматкер 2013-2014-жылдар аралыгында өзбекстандык 48 адамга Кыргыз Республикасынын паспортун алып берген.
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.