Баткенде балдардын тамак-ашына бөлүнгөн акчаны чегерип алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, прокуратура кызматкерлери тарабынан Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында бала бакчадагы балдардын тамак-ашына керектелүүчү 680 миң сомдон ашык акча каражаты менчиктештирилип кеткени белгилүү болгон. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.