Бишкек шаарында "дүкөндөн зер буюмдарды уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен зер буюмдарды сатуучу дүкөндүн ээси кайрылган. Анда ал белгисиз жаран 5-мартка караган түнү ага таандык 2 дүкөндүн эшигин талкалап, зер буюмдарды алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы шаардын тургуну кармалды.