Бостери айыл аймагындагы 2,25 гектар жер тилкесин ижарага берүүдө мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 8-августунда Бостери айылдык кеңеши тарабынан 2,25 гектар жер тилкесин ижарага берүү боюнча чечим чыккан. Ал эми 19-сентябрь күнү сынактык комиссия жеңүүчүнү аныктап, 10 жылдык мөөнөт менен жер тилкесин ижарага беришкен. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө конкурс бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнү аныкталган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.