Борбордогу Ак-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен чыгып дайынсыз болгон 11 жаштагы Диана Шаршеналиева табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын оперативдик кызматкерлери билдиришти.
"Жоголуп кеткен кыз эртеси күнү "Ош базарынын" аймагынан табылды. Учурда кыздын абалы жакшы, ал тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн кийин ата-энесине өткөрүлүп берилди",- деп билдиришти райондук милициядан.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыз апасынын урушуп койгонуна таарынып үйүнөн кетип калган.