Жылнаама, 7-март: Мындан 18 жыл мурун "Nature" журналы клондолгон Долли козусунун жарыкка келгенин кабарлаган

* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча Дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер айым Валентина Шевченко Бишкек шаарында төрөлгөн. Анын жетишкендиктери – муай-тай боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча Дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, айымдар арасында "Дүйнөнүн мыкты тай боксчусу" наамынын ээси. 
Валентинанын апасы Елена кезинде таэквондо менен машыккан, эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашынан тарта ар кандай спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны октон күлүк, темирдей катуу кылып тарбиялап чыккан. Муай-тайдан ага кыргыз жеринде, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валентина Шевченко дзюдо боюнча "КРнын Спорт чебери" аталган. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алган. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында "Орусиянын чемпиону" аталган. Анан семинарлардын биринде Перудан баш тарта алгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган.
 
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы "ОшТВ" телеканалынын журналист-оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалган. Баш мээси чайкалган жана башка жарааттары менен Кенжебаев Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Аталган телекомпаниянын директору Халилжан Худайбердиевдин айтымында, 7-март күнү кечинде Бахадыр Кенжебаев Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр кол салып, катуу сабашкан. Бахадыр Кенжебаевдин өмүрүнө кол салууну телеканалдын эмгек жамааты анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп билдиришкен. "Анткени акыркы мезгилде башкы оператордун коррупция жана башка жаңжалдуу окуялар туурасында чагылдырган тасмалары айрым аткаминерлерди тынч уктатпай жатышы ыктымал" дешкен.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаардык соту "эл аралык бала асырап алуу боюнча чет жердик уюмдун өкүлүнөн пара алган" деп айыпталган Равшан Сабировду 5 жылга эркинен ажыраткан. 23-майда Жогорку Сот апелляциялык ишти карап, шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы "Nature" журналы клондолгон Долли козусунун жарыкка келгенин кабарлаган. Долли Эдинбургдагы Рослин институтунда чоң койдун клеткасын түгөйлөштүрүү аркылуу пайда болгон. Шотландиянын борбору Эдинбургда илимий институтта жашаган Долли өпкө оорусунан катуу жабыр тарткандыктан, ветеринарлар консилиуму атактуу койдун жанын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алышкан. 2003-жылы 14-февралда дүйнөдөгү алгачкы клондолгон жаныбар, Долли алты жарым жашында өлгөн. 
7-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан