Жылнаама, 8-март: Мындан 81 жыл мурун акын, манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уркаш Мамбеталиев туулган

* Мындан 81 жыл мурун, 1934-жылы акын, манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уркаш Мамбеталиев Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1948-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, аскерге кеткен. Армиядан кийин Ысык-Көл облусунун драма театрында актёр болуп эмгектенген. Андан соң Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга манасчы болуп кабыл алынган. 1991-жылы Уркаш Мамбеталиевге "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 1994-жылы "Кыргыз Эл артисти" ардактуу наамдары ыйгарылган. "Түгөлбай ата" сыйлыгынын лауреаты, ошондой эле Манас орденине ээ болгон. 2011-жылы 18-июнь күнү белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев каза болгон.
 
* Мындан 66 жыл мурун, 1949-жылы “Он сегиз жаш” аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева туулган. 1965-жылы июнь айында Бишкек шаарындагы азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында республикалык өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосунун жеңүүчүлөрүнүн корутунду концерти өткөн. Анда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Киров айылынан келген 16 жаштагы Зейнеп Шаакеева обончу Аксуубай Атабаевдин "18 жаш", "Чагылган" аттуу ырлары менен чоң сахнага кадам таштаган. 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы президент Роза Отунбаевага АКШнын Мамлекеттик департаменти "Эрдиги үчүн" Эл аралык аялдар сыйлыгын тапшырган. Сыйлыкты АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон тапшырса, бул аземге биринчи айым Мишель Обама да катышкан. Сыйлыкты кабыл алган Роза Отунбаева: “Бул – бардык кыргызстандык аялдардын эмгеги”,- деп билдирген.
* Мындан 80 жыл мурун, 1935-жылы “Хатико – эң ишенимдүү дос” тасмасындагы иттин прототиби болгон Хатико аттуу ит өлгөн. Хатиконун мекени - Япониядагы Акита аймагы. Иттин породасы – асыл тукум акита-ину. Ит өлгөндөн кийин Аояма күмбөзүнө коюлган. Ага арнап үч эстелик тургузулуп, 10 чактыдай көркөм тасма, 1 анимациялык тасма, 2 китеп жарык көргөн. 
1924-жылы Токио университетинде иштеген профессор Хидесамуро Уэного жөнөкөй фермер Хатикону белекке берет ("хати" япончодон которгондо "сегиз" дегенди билдирет). Ит ээсине аябай жакын болуп, аны эртең менен узатып, кечинде тосуп алып жүрөт. Кожоюну каза болгондон кийин ит чындыгында эле 10 жыл бою ээсин күтөт. Бул станцияда иштегендердин, жүргүнчүлөрдүн көзүнө илинип, 1933-жылы профессор Уэнонун мурунку студенти ээсин күткөн ит тууралуу макала жазып чыгат. Окуя Японияда сенсацияга айланып, атактуу япон скульптору ага арнап эстелик тургузат. "Сибуй" станциясында 1934-жылы Хатикого арналган эстелик тургузулуп, ага Хатико өзү катышкан. Ал эми бир жылдан соң ээсин күткөн ит көз жумат. 
Экинчи дүйнөлүк согушта статуя аскердик жабдууга каражат болуп кеткен. Согуштан соң, 1948-жылы ага экинчи жолу эстелик тургузулуп, ал япондуктар үчүн ишенимдин жана сүйүүнүн белгиси болуп келет. Бул окуя тууралуу көп тасмалар тартылган. 1987-жылы "Хатиконун тарыхы" аттуу тасма мыкты тартылып, блокбастерге айланганы менен, дүйнөлүк резонанс жарата алган эмес. Ал эми Ричард Гир Вики Сигекуни Вонг менен биргеликте продюсерлик кылып, Голливуд тарткан “Хатико – эң ишенимдүү дос” тасмасы дүйнөлүк прокатта өзгөчө кабыл алынган.
8-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан